www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кактус-Медиа эки тараптын материалдарын бергенге аракет кылды. Бул тууралуу журналист Кайыргуль Урумканова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Кактус-Медиа эки тараптын тең пикирин бергенге аракет кылды. Бирок инфосогуш күчөп жатканына карап, алар бүгүн билдирүү жасашты. Мамлекетти башкарып жаткандар, чечим кабыл алып жаткандар күн сайын жанылат. Кактус тажиктер кандай саясат жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө кабарлайбыз деп ссылка менен Азия-Плюстун материалын бергени үчүн кечирим сурады. Ушу менен токтотолу бир-бирибизди жемелегенди. Азыр, тышкы душмандар күчөп жатканда, ички согушту токтотолу", - деп белгилейт Урумканова.

Эске салсак, 27-январда Kaktus.Media сайты тажик тараптын версиясы тууралуу маалымат чыгарган. Мындан көп өтпөй, социалдык тармактын айрым колдонуучулары жарыяланган маалымат боюнча терс пикирлерин айтып, редакция туура эмес маалымат таратып жатат деп, аларды айыптады.

Ал эми Kaktus.Media сайты маалыматтын жарыяланышы боюнча түшүндүрмө берди. Алардын айтымында, 27-январда Kaktus.Media сайтында ASIA-Plus тажик редакциясынын Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал тууралуу маалыматы жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости