www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-май — кайгы менен жеңиштин кубанычы кошулган ыйык дата. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирип, Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Ал куттуктоосунда кан майданда орус, кыргыз, беларус, украин, казак, өзбек, тажик, түркмөн жана башка чоң өлкөнүн эли салгылашканын белгилеп, Панфилов дивизиясынын эрдигин эске салган.

"Ата Мекенин фашисттик баскынчылардан коргогон улуу баатырларыбыздын эрдиктери унутулбайт, аны ыйык сактайбыз", — деген элчи.

Удовиченко согуш учурунда Кыргызстанда 30дан ашык өндүрүш ишканалары ачылып, аскердик госпиталдар уюштурулуп, кан төгүлүп жаткан жерлерден 300 миңге жакын адам эвакуацияланганын айтып, кыргыз элинин аркасы менен блокадада калган Ленинграддын жүздөгөн балдары аман калганын кошумчалаган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости