www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКга № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниетин билдирген алгачкы талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Авазбек Абдугапаров өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде арыз берген.

№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 28-мартта аяктайт.

Эске салсак, 28-апрелде № 7 Ош бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаттыгынан кеткенден кийин анын орду бош калган.

Боршайком Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын токтоткондугуна байланыштуу ушул эле күнү Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости