www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26–27-февралында КАРИКОМ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын конференциясынын 50-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Кариб бассейни өлкөлөрүнүн лидерлери жана тышкы саясат ведомстволорунун башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Сент-Китс жана Невис мамлекетинин Премьер-министри Терренс Дрю менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Н.Жапаровдун атынан КАРИКОМго төрагалыкты кабыл алуусу жана өлкөнүн борбору Бассетерре шаарында юбилейлик 50-жыйынды өткөрүүсү менен куттуктоолор жеткирилди.

Министрдин орун басары К.Турсункулов Кыргызстан менен Кариб бассейни өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, алдыдагы ири иш-чаралар — ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берди. Тараптар эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.

Сент-Китс жана Невистин лидери Кыргыз Республикасынын делегациясынын юбилейлик КАРИКОМ конференциясына катышуусун кубаттап, КАРИКОМ мамлекеттери менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду илгерлетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле К.Турсункулов Гренада мамлекетинин Тышкы иштер министри Ж.Андалл жана Сент-Люсиянын Тышкы иштер министри А.Р.Баптисте менен Кыргызстан ортосундагы экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны бекемдөө маселелерин кеңири талкуулады.

Последние новости