www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евростаттын 2025-жылдагы маалыматына ылайык, Европа Биримдигинде аялдардын орточо сааттык эмгек акысы эркектердикине салыштырмалуу 11,1% төмөн. Башкача айтканда, эркек 100 евро тапса, аял орто эсеп менен 88,9 евро алат.
Жылдык киреше боюнча айырма дагы чоң. Аялдар эркектерге салыштырмалуу жылына орто эсеп менен 3 900 евро аз табышат. Натыйжада ЕБдеги 92,5 млн иштеген аял жыл сайын жалпысы 358 млрд евродон ашык кирешеден куру калууда.
Люксембург – ЕБде аялдар эркектерден көбүрөөк киреше тапкан жалгыз өлкө. Бул өлкөдө аялдардын жылдык кирешеси орто эсеп менен 474 еврого жогору.
Эмгек акыдагы эң чоң айырма Финляндияда – 7 592 евро, Австрияда – 6 854 евро, Германияда – 6 049 евро, Швецияда – 5 116 евро.