www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бюджетти кескин жогорулатуу милдетин алган тарап албетте, өзүнүкүн бербейт», - деди бүгүн, 24-январда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин

- Калдарбек агай, президент жаны салык Кодексине кол койду. Ал кодекс чындап эле элибиз үчүн, ишкерлер үчүн пайдалуу болот деп ишенсек болобу?

- Атылалек аюунун терисин сатуудан не мандем? Бүгүн зыяны, пайдасы тууралуу  акыйнек айтышуунун өзү апендичилик. Ошол салыктын казанында кайнагандар  өзүнүн жеке кызыкчылыгын түспөлүндө жер тепкилешет.

Ал эми бюджетти кескин жогорулатуу милдетин алган тарап, албетте, өзүнүкүн бербейт. Эми биз адис болбогондон кийин, анын халвасынан ооз тийип көрбөгөн соң, кайсыл бир бүтүмүнө чыбык уралбайбыз да. Айтайын дегеним, ар кандай жаңы саамалыктар дайыма бут тосуулардан жапа чегип келген жана чеге да берет.

- Соода жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашпаган ишкерлер 1 пайыз салык төлөгөнгө өткөнү коррупцияга бөгөт коёбу?

- 8 миллиондук чек жөн эле алынган эместир. Менин билишимче бул чек мындан мурун деле болгон. Балким мына ушул чектин айланасында коррупциялык  ыпластыктар күчөп кетпейт деп эч кимиси кепилдик бералбас.

Эң акылдуу да, айлакер да, келип эле кадимки адам эмеспи. Адам ойлоп чыгарганга ага каршы бирдемени ойлоп табат. Албетте, мыйзамды туу тутуу али жөнгө салыналекте көп алешемдиктер болушу ыктымал. Маселе, бул кодекстин иштеп кетишинде. Анткени, биз германияда эмес кыргызстанда жашап жатканыбызды эстен чыгарбайлы.

- Кассалык аппараттарды орнотобуз  деген аракет туурабы?

- Мындай саамалык бир жылдары киргизилип, кийин унутулган. Сиңбей калган. Анткени, жеке кызыкчылык мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп кеткен. Кассалык аппаратты баары бир 100 пайыз орното албайсың. Ири компаниялар, супер маркет жана бакшалар ансыз деле ошол таризде иштеп келет. Эми базарларга орнотуу демилгеси менен чыгышса, кайрадан ызы-чуу...

Демек, ирилерди толугу менен ошол ыкмага өткөрүп, анан акырын, этап менен баарына жайылтуу менен жүзөгө ашырса болот. Эгерде эле кассалык аппаратын жемишин татып калышкан болчу болсо, анда алар өздөрү эле жүгүрүп, бул ыкманы сиңирип алышат.

- Тигүү тармагындагылар салыктын көп түрүнөн бошотулуп, бир эле салыктын түрүн төлөгөнү аларга пайдалуу болот, көмүскө экономика жоюлат дегенге ынансак болобу?

- Салыктын түрүнө келгенде  көптөгөн салыктарды алып салып, бир уучун гана койдук дегендей кеп болгон эле. Бирок орун алмаштыруудан сумманын өзгөрбөшүн унутпайлы. Оптимизация дегенин көрүп билип калбадыкпы.

Эгерде 30 салыктын суммасы менен 3 салыктын суммасы бирдей чыгып калса, анда андай ыслаттын кимге кереги бар. Орто бизнесчилерге жеңилдик кароо жагында да тийиштүү урунтуу жаңылыктар көз жарбай жатат сыягы. Эмнеден чочуп отурушат. Мүмкүн, бюджетти көккө чыгарып ийебиз деген жомокту токуп алышып, базар экономикасынын негизги эрежелерин бузуп киришпедиби.

Менимче, көмүскө экономиканы азырынча жойу колдон келбеген эле иш. Азайталы десе бир жөн. Анткени, ошол экономиканы лөктөр өздөрү башкарып отурушпайбы. Өздөрү отурган ашты өздөрү кантип кыйсын. Эми бул бир пикир, «мысли в слух!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости