www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президенттин маегине элдин ичи жылыды, бирок тузу кем шорподой болуп калганын да эстен чыгарбайлы», - деди бүгүн, 26-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек ага, президенттин кечээги маегиндеги жоопторуна ынандыңызбы?

- Ачыгын айтуу керек, президент «көрө, көрө көсөм болот» деген нускалуу кептин кечүүсүн кечип өткөндөй таасир калтырды. Ички саясатты алаканга салгандай эле салып бергенсиди.

Чарбалык, социалдык кала берсе чагым иретинде айтылган маалыматтардын этегин так кайрый алды. Биз деле «чыпалактан» жасалган эмеспиз дегенди узун элдин учуна жеткирди.

Ынанып кетесиң. Маяналар жогорулап, тамдар салынып бирок турмушубуз дале баягы эле токтоп жеринен бир карыш жылбагандай.

Экономикалык каатчылыкка шылтоо жөн эле бир себептир. Министрлер кабинетине камчыланып, мезгилден анча-мынча алдыга озуп, айткандарын жүзөгө ашырса, тобокелчи тоо ашат дегендей, коркпой, чочубай радикалдуу кадамдарга барса жакшы болот эле.

Мына ушул маселелер негедир суроолорго оролбой да калыптыр. Же президент өзү бул кемтикти бүтөп салбаптыр. Башкысы, ротациялоодогу кесипкөйлүк, кадрлардын түшүнүксүз тандалышы, соттордун, ички иштер аталыктарынын кечээ күн менен баштап жатканын ачык айтып койсо болмок.

Негизинен, бул маекке элдин ичи жылыды. Бирок тузу кем шорподой болуп калганын да эстен чыгарбайлы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости