www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-майда УКМКга бир топ саясатчылар суракка чакырылып, алардын бир нечеси кармалды. Кармалгандардын көпчүлүгү "Кумтөр" алтын кенинин айланасындагы маселелер боюнча кылмыштарга шектелип жатканы айтылууда.
Кармалгандар:
УКМК Өмүрбек Бабанов жана Талант Узакбаевден башка кармалган саясатчылар тууралуу расмий маалымат бере элек. Атайын кызматтын билдирүүсүндө Бабанов да, Узакбаев да "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кармалгандыгы айтылган.
Бүгүн, 2-июнда сотто Талант Узакбаевдин баш коргоо чарасы каралып, аны 31-июлга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Бабановду да 2 айга камакта калтырууну чечти. Башкача айтканда, ал 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Ал эми депутат Асылбек Жээнбековдун кармалганын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган кезде - 2012-жылдагы "Кумтөрдү" текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын ишмердиги тууралуу иш боюнча камакка алынганын жактоочусу Давран Касымов тастыктады.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-майда Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап, аны 31-июлга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.
Жактоочу соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыларын билдирди.
Жээнбековго улай Биринчи Май райондук соту депутат Төрөбай Зулпукаровду да 31-июлга чейин абакта калтырды. Айрым маалымат булактары Зулпукаровго "Кумтөр" маселесинин айланасында айып тагылып жатканын жазса, айрымдар ал "мыйзамсыз баюуга" шектелип жатканын айтышууда.
31-майда ошондой эле мурдагы депутат Исхак Пирматовдун сурак берип жатканы кабарланып, кийинчерээк "коррупция" беренесинин негизинде кармалганы белгилүү болду. Пирматовдун баш коргоо чарасы бүгүн, 2-июнда каралып, 2 айга абакта калтыруу чечими чыгарылды.
Сурак бергендер:
31-майда мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берди. SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, ал "Кумтөр" боюнча атайын кызматтын суроолоруна жооп берди.
Суракка чакырылгандардын аягы 1-июнда да тыйылган жок.
Алгач Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКга суракка кирип чыкты.
Анын кайсы ишке байланыштуу сурак бергени белгисиз, эл өкүлү бул тууралуу комментарий берген жок.
Андан кийин экс-спикер Дастанбек Жумабеков суракка кирип кеткени айтылып, бирок УКМК бул маалыматты четке каккан. Бирок саат 12:50 чамасында ал УКМКнын имаратынан чыгып кеткени белгилүү болду.
Депутат Рыскелди Момбеков да 1-июнда сурак бергендердин катарын толуктады.
"Мен Фейсбукка "Кумтөр" боюнча кээ бир туура эмес кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча өзүмдүн ой-пикиримди жазгам, ошонун негизинде чакырышы мүмкүн", - деди Момбеков.
Журналисттерге күбө катары чакыртылганын, мекемеге киргенден кийин күбөдөн күнөөлүүгө өткөрүп коюп жатышканын айткан эл өкүлү 15:00дө УКМКнын имаратына кирип кеткен.
"2-3 сурообуз бар дешти" деген эл өкүлү сурактан 4 жарым саатта чыгып, дагы качан суракка чакырылары белгисиз экенин айтты.
"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп өзгөчө пикир менен чыккам. "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча сунуш айткам. Ошонун негизинде суроолор болду. Дагы качан суракка чакырыларым белгисиз", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg