www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы Аскат Жетиген кыйноого кабылганын айтты

Бүгүн, 23-майда ырчы Аскат Жетиген сотто көрсөтмө берип, 20-мартта кармалгандан кийин абакта аны күч кызматкерлери кыйноого алганын билдиргенин «Азаттык» жазды.

Жетиген Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.

“Ток менен бир саат бою кыйнашкан. Бул боюнча кат жибердим, азыркы учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат”, — деген ал.

Азырынча Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети Аскат Жетигендин билдирүүсүнө жооп бере элек.

Белгилей кетсек, Аскат Жетиген “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости