www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кыргыз бийлигинин “кыңк” этип үнүн чыгаргандарды кармоо, коркутуу, камоо жолу менен элдин үнүн өчүрөбүз деген зөөкүрлүк саясатына биз каршы турабыз. Бул тууралуу өткөн жылдын октябрь айынан бери камакта жаткан активист, саясатчылардын билдирүүсүндө айтылат.
Тексти өзгөртүүсүз беребиз:
"Урматуу мекендештер!
Биз Кемпир-Абадчылар мыйзамсыз 9 айдан бери түрмөдө отурсак да, саясий күрөштү токтоткон жокпуз. Үнүбүз өзүбүздүн президентке жетпесе да, дүйнөлүк ири эл аралык уюмдар: БУУга, ОБСЕге Европарламентке, ондогон адам укуктары боюнча аракеттенген уюмдарга жетип жатат.
Дүйнөлүк деңгээлде “Кемпир-Абадчылар” деген бренди бар, жаңы саясий күчтүн ядросуна айланып баратканыбызды жашырбайбыз. Бийлик бизди мыйзамсыз соттосо да, түрмөдө жүрүп күрөшүбүздү уланта берүүгө дух, тажырыйба, билим, эрк жетет!
Азыр алдыбызда эки жол турат.
Биринчиси: Кыргызстаныбыз үчүн бийлик менен тил табышып ынтымакта аракеттенүү.
Экинчиси: Бийлик менен чечкиндүү жол менен күрөшүү.
Биз албетте биринчи жолду тандайбыз. Бирок, кайсыл жолго түшөрүбүз бийликтин бизге болгон мамилесине жараша болот.
Кыргызстанда көп нерсе капыстан тез эле өзгөрүлүп кетет эмеспи?!
Биз Кемпир-Абадчылар Кыргызстандын бийлик башындагы бир топ дардаңбай-көпөстөрүнүн, аларды колдоп жаткан ПКАССчылардын тизмесин тактап, алардын жакындарынын уурулук, коррупция жолдору менен топтогон, чет өлкөлөрдө жашырган мүлктөрүн, акчаларын камакка алуу боюнча өтүнүч каттарды БУУга, Европарламентке, Россиянын, АКШнын, Туркиянын, Араб өлкөлөрүнүн башчыларына, ЕСке сериалдуу жиберүүнү баштадык. Бул азыркы замандагы авторитардык режимди колдогондор, алардын кошоматчылары, коррупционерлер менен саясий күрөшүүнүн дүйнөлүк жаңы жолу болот.
Азыркы кыргыз бийлигинин “кыңк” этип үнүн чыгаргандарды кармоо, коркутуу, камоо жолу менен элдин үнүн өчүрөбүз деген зөөкүрлүк саясатына биз каршы турабыз.
Кыргыз элинин маңкуртка айланышына жол бербейбиз.
Кыргыз эли тоо бүркүтүндөй эркин эл болгон, аны биз жоготууга укугубуз жок!
Жакында президентибиз өзү жана мезгилинде “шопурдун шопуру” атка конгон, азыр үй-бүлөнүн башкы капчыгына айланган, супер-мошенник экөө кура турган, “кумарпоздордун” Асман шаары менен бийликтин жаңы конторасын чет элдик курулушчуларга курдурарын жарыялады. Шылтоосу “кыргыздар жалкоо” деди.
Дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу курулуштар болгон Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтерин курган, бүгүн Россияда, башка өлкөлөрдө кереметтүү курулуштарды куруп жүрүшкөн кыргыздар кантип эле өзүбүздүн бийлик үчүн “жалкоо”, “жараксыз” болуп калсын.
Бул маселеде да биздин бийликтин кыргыз элин сыйлабагандыгы, коррупция, чыккынчылык жатат деп эсептебиз!
Келе жаткан 2024-жылы заманбап Кыргызстандын түзүлгөнүнө 100 жыл толот.
Мамкатчы Касмамбетовдун оюна койсо соттолгон, качкын президенттерди чакырып, аларга “Ак-Шумкар”, “Садыр Ханга” кыргыз башы наамын берип, ошону менен жыйынтыктайт.
100 жылдык юбилейге биз-кыргыздар өзүбүзгө өзүбүз сын көз караш менен карап, 100 жыл мурун ким элек, ким болдук? 1924-жыл компартия аныктап берген аймагыбызды үч коңшу элге неге бөлүп бердик? 70 жылдык Совет доорундагы байлык кантип чачылды? Эмне себептен 30 жылда эки ынкылап, 1 төңкөрүш болду? 6 президенттин төртөөсү эмне себептен соттолушту, качышты ж.б. суроолорго жооп издеп, сабак алып, тыянак чыгарып барышыбыз керек.
Биз 100 жылдыкка карата бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын курултайын чакырганы жатабыз!
Анткени алдыбызда Кыргыз-Тажик чек арасы, Шахимерден-Сох проблемасы турат! Эл аралык жана өзүбүздүн мошенник-көпөстөр көзүн артып турган суу ресурстарыбыздан, арзан электр энергиясынан, Жетим-тоодой кенибизден, Ысык-Көлдүн жээктеринен айрылганы турабыз!
Азыркы күчтүүсү алсызын, байы кедейин, билимдүүсү билимсизин, акчалуулар саткындарды сатып алып, өзүнө сиңирип жок кылып жаткан дүйнөлөштүрүү саясатында кыргыз элин ынтымак гана сактап калат!", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2022-жылдын 23-28-октябрында саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Булак: NazarNews.kg