www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурорлор Ош шаардык мэриясында текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу 20-ноябрда шаардын вице-мэри Жасур Азимов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, пландуу текшерүү 19-ноябрда башталган.

“Биз сентябрь айында «Кыргыз Текстиль» ишканасына жер тилкесин саттык. Буга чейин Кең-Сай массивинин аймагындагы 25 гектар аянттагы жер тилкесин ижарага алып иштетип келген. Инвесторлор өндүрүш ишканасын кура турган жер жеке менчик болуусу керек деген талап койгон. Ишкерлер бизге кайрылып, жерди мыйзам чегинде саткыла деп келишти. Бардыгы мыйзам чегинде болгон, Өкмөттүн 571 токтомунун негизинде сатканбыз. Эми прокуратура бизге жерди арзан саткансыңар деген кине коюп жатат. Ал аймак өздөштүрүлбөгөн, суу тартылбаган жер болгон. Ишкерлер ал жерге коммуникациялык каражаттарды алып барып, өндүрүштүк аймак курабыз дешкен. 7-8миңдей адамга жумуш ордун түзгөн ишкана курабыз деп жатышкан. Ал жер 70 млн эмес миллиардаган киреше алып келмек, өкмөт тараптан ишкерлерди колдойбуз деген менен ушинтип текшерүүлөр боло берсе, инвесторлор да качат”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Генпрокуратура “Каганат Инвест” холдингинин курамына кирген “Кыргыз Текстиль ЛТД” ишканасы “Кыргыз унаа курулуш” заводу жана “Ихлас” курулуш компаниясы менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынан жер тилкесин базар баасынан дээрлик 30 эсе арзан сатып алганы  тууралуу жарыялаган.

Ошондой эле сатууда көрсөтүлгөн сумма дагы (2,5 миллион сом) мэриянын бюджетине түшкөн эместиги, натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жооптуу адамдары мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости