www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу 24-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал курулуштун башталышынын так мөөнөтүн айткан жок, бирок "жакынкы 3-5 жылда "Камбар-Ата-1" ГЭСи ишке берилээрин белгиледи".

"Каржы ресурстары бар, Каржы министрлиги курулуштун биринчи айлампасы үчүн жакын арада 498 миллион доллар жумшайт. Курулуштун башталышы үчүн быйыл бюджетке 20 миллион доллар киргизилген жана жакын арада курулушту баштайбыз", - деди Жапаров.

Быйыл январь айында энергетика министри Доскул Бекмурзаев апрель-май айында "Камбар-Ата-1" ГЭСинин тегерегиндеги инфраструктуралык курулушту баштоо пландалып жатканын кабарлаган.

Азырынча "Камбар-Ата - 1" ГЭСин курууга кызыккан инвестор чыга элек, ага карабай, Бишкек Ташкендин макулдугун алууга жетишкен. Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин долбоорду ишке ашырууга катыша турганын ырастаган. 2017-жылдын 6-октябрында "Узбекгидроэнерго" менен Кыргызстандын "Улуттук энергохолдинги" долбоор боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Адистер "Камбар-Ата-1" курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болоорун белгилейт. Кубаттуулугу –1860 МВт болуп, жыл сайын 5 млрд. кВт-саат электр энергиясын өндүрүп турат. Салыштыруу үчүн карасак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт түзүп, жылына 4 млрд. кВт-саатс энергия өндүрөт.

Долбоор боюнча "Камбар-Ата-1" ГЭСинин тосмосунун бийиктиги 275 метр болот ("Токтогулдуку" – 215 метр). Электр энергиясын кууш капчыгайга курулган станциянын төрт гидроагрегаты өндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости