www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү үчүн республикалык бюджеттен болжол менен 1,5 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ушул убакка чейинки жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздеме жана башка жумуштардын аткарылышына 412,8 миллион сом сарпталган.

"Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү үчүн республикалык бюджеттен болжолдуу 1,5 миллиард сом бөлүүнү чечтик. Ал ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат", — деди Жапаров.

Президент даярдык көрүү иштеринин аткарылышы негизги курулуш иштерин жүргүзүү үчүн инвесторлордун кызыгуусун арттырарын айтты.

"Учурда кошуна Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти", — деди өлкө башчы.

Казакстан Кыргызстанда гидроэнергетикалык станцияларды курууга инвестиция салышы мүмкүн экенин коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев дагы Бишкекке иш сапарына келгенде тастыктаган.

Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык көрүүгө бүгүн президент старт берди. "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат.

Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө.

ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости