www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбоджанын падышасы 7-августта кол койгон буйрукка ылайык, өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Хун Сендин тун уулу Хун Манет кийинки премьер-министр болуп дайындалды.

45 жаштагы генерал Хун Манет Батыштан билим алып келген. Ал Нью-Йорк университетинде экономика боюнча магистр даражасын алган, ал эми докторлукту Британиядагы Бристоль университетинде жактаган.

Камбоджаны 38 жылдан бери башкарып келаткан Хун Сен өткөн айда бийликтен кетээрин кабарлаган. Саясат талдоочулардын пикиринде, Хун Сендин бийлиги маалына узак жылдарга созулган согуштан кийин тынчтык орногону менен, демократия толук кыйрады.

Түштүк-чыгыш Азияда жайгашкан Камбоджа парламенттик конситуциялык монархия болуп саналат. Өлкөнү негизинген өкмөт башчы жетектеген Камбоджанын Элдик партиясы башкарат.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости