www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев Баткенге барды

Бүгүн, 28-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетиндеги ишенимдүү маалымат булагынан кабарлашты.

Аны менен бирге өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дагы барганын ӨКМден тастыкташты.

Маалыматка караганда, жеринде ыкчам жыйын өткөрүлөт.

Эске салсак, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости