www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Камчыбек Ташиев да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылды. Ал өз билдирүүсүндө чек арага саясий сойкуларды, коркокторду жибербөөнү айтып, каза болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты.

“Урматтуу эл-журтум!
Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти.
Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президенти жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди-жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.
Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!
Мен өзүм жеке элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн ар дайым кандай кырдаал болсо да баарына даярмын!
Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайырлуу болсун, апасына, жакындарына көңүл айтам.
Эл-журтума сабырдуулук тилеймин!” дейт ал.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости