www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин саналуу депутаттары Баткен облусуна барып, абал менен жеринен таанышууну туура көргөн. Алар, Мирлан Бакиров, Мурадыл Мадеминов, Талант Мамытов жана Төрөбай Зулпукаровдор. Бул тууралуу Vesti.kg жазып чыкты. Анда депутат Зулпукаров алар чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча өкмөттүн чечимин ушул жерден көзөмөлгө алуу үчүн келишкен. “Ооба, чек арада кырдаал татаал, биз парламенттик жыйында өкмөт алдында бул жердеги мекендештерге тиешелүү бардык маселелерди көтөрүшүбүз керек. Ошондой эле биз, эгер кырдаал ошону талап кылса, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дагы даярбыз. Бирок, бул сүйлөшүүлөр өкмөттүк деңгээлде жүрүшү керек. Себеби, ал үчүн чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн.” - деди ал.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп андан курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Бирок, кызыгы ал жерге бүгүн жетип барган төрт эл өкүлү чындыгында эле конфликтинин чордону болгон “Максат” жана “Сай” чек ара посторундабы же коопсузураак жерде туруп бапылдап аткан кербездериби белгисиз, сүрөт жөнөтүп же видеолорунан бөлүшүп коюшса жакшы болот эле...

Булак: NazarNews

Последние новости