www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-январь, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду.
Жыйында ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн алкагында Казакстандагы абалды жөнгө салуу үчүн 150 кыргыз аскерин жөнөтүү маселеси каралып жатат.
Кечээ, 6-январда Министрлер кабинети чукул жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын кабыл алган, жана жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасаары белгилүү болгон. Ал Казакстандагы абалга чара көрүү штабын жетектейт.
Жогорку Кеңештин 6-январда өткөн жыйынында тынчтык аскерлерин жөнөтүү маселеси чечилген эмес.
Депутат Равшан Сабиров Ташиевге кайрылып: «Ок чыгарып жаткандарда бири бандит деп жатат, кээ бирлери террористтер деп баалоодо. Алардын чындыгында кимдер экени такталдыбы?», — деген суроосун узатты.
Буга карай Камчыбек Ташиев: «Баарыңыздар билгендей биз Казакстандын ички маселесине кийлигише албайбыз. Бизден жардам сурап кайрылып жатышат. Жардам беришибиз керек. Керек болсо жакын арада гуманитардык жардам көрсөтөбүз. Чек араны жапкан жокпуз. Кыргызстанга өтүүнү каалаган жарандарга ПЦР-тест тапшыруу талабын алып салдык», — деп жооп берди.
Булак: NazarNews.kg