www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан Казакстанга 150 аскерин, 8 брондолгон техникасын, 11 унаасын жөнөткөнү жатат». Бул тууралуу бүгүн, 7-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ЖККУнун кызматташуусунун алкагында Казакстандагы тынчтык орнотуучу операцияга катышууну чечти.

Кечээ, 6-январда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, бирок кворум болбой калган. Президент Садыр Жапаров «Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем» деген болчу.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чет жерде колдонуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Мындайча айтканда, ЖККУнун чечимин колдоо үчүн кеминде 60 депутаттын макулдугу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости