www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев чек ара маселелери боюнча маалымат жыйын берүүдө. Жыйынга катышып жаткан журналисттердин биринин суроосу Ташиевдин ачуусун келтирди.
Ташиев алгач чек арадагы маселелер боюнча айтты. Андан соң журналист: "Буга чейин 5 пайыз деп мактанып айтып жүргөн жерлерде тирешүүнү түзүп келе жаткан Сох анклавынын айланасындагы жерлер, Кемпирават суу сактагычындагы жерлер да бар эле, мунун айланасындагы жерлер кандай чечилди?", - деди журналист.
"Сиз берген суроого мен жооп бердим, суроону кайталабагыла, талашка түшкөн жерлер жөнүндө суроолор эми болбойт дедим. Эми Кыргыз тарап, Өзбек тарап деген гана нерсе болот", - деди Ташиев.
Ташиев сүйлөп жатканда журналист: "Барак эксклавынын тагдыры кандай болуп чечилди?" деген суроону узатты.
"Сиз мени угуңуз, уккуңуз келбесе чыгып кетиңиз. Сөзүмдү бөлбөңүз", - деди УКМКнын төрагасы.
Булак: NazarNews.kg