www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашууну «эң пайдалуу келишим» деп атады.

Бул тууралуу 19-апрелде «Кемпир-Абаддын» жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушкан учурда айтып, протокол буга чейинки жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылды.

«Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул - элге эң пайдалуу протокол болду», - деди Ташиев.

Жолугушууга келгендер протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербөөгө чакырышты. Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости