www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күндөрү да иштемей болду. КРВИге чоңдор да, балдар да кабылып жатат, бирок, көбүнчө, 2 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Жугуштуу оору күч алып турган маалда көпчүлүктөн алыс болуп, балдарга камкордук көрөлү. Бул боюнча КР эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев менен маектештик.

--Азыркы учурда балдар арасында тумоо күчөп, бейтапканаларда орун калбай, абал курчуганы айтылууда...

-- Акыбал чынында эле оор. Ушул убак жыл сайын - сасык тумоо күчөгөн маал. Коронавирустун дагы кээ бир белгилери байкалууда. Үчүнчүдөн, мектеп, бала-бакчалар иштей баштады. Бул себептер дагы балдардын бир-бирине болгон байланыштарын көбөйтүп жатат. Ошонун баары биригип, балдар арасындагы тумоонун жогорулап кетишине себеп болууда. 

-- Ата-энелерге кандай кеңешиңиз бар?

-- Урматтуу ата-энелер, балдардын организми өтө назик болот. Оорудан сакташ үчүн балдардын иммунитетин көтөрүү зарыл. Көйгөйлүү оорулары бар болсо, аларга көңүл буруп, оорунун күчөп кетишине жол бербей, алдын ала дарылатып туруу зарыл. Туура режим абдан керек.

Сергек жашоонун принциптерин сактап, бөлмөлөрдү жылуу кармап, абаны алмаштырып, тамактануу ишин да жолго коюу шарт. Балага өтө күч келтирүү да туура эмес. Азыр күз айы болуп, аш-тойлор күчөп турган маал.

Тойго барган 300-400 киши менен аралашкан ата-энелер да инфекция алып келиши толук мүмкүн. Алар дагы сергек жашоонун принциптерин сактап, балдарга дарт жуктуруудан сактансын. Балада тумоонун себептери пайда болуп калса, дароо жакшылап көңүл буруп, мектепке, бала-бакчага жибербей, үйдөн дарылоо керек.

Эгер катуу болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу шарт. Алар өздөрү кайда жиберүүнү чечип берет. 

Булак: Азия News гезити
 

 

Последние новости