www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 14-июлда, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.
Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, "Узун Улан" каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы С.А. жана уюштуруучу Т.К. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын ойлоп тапкан, андан 151 миллион сом зыян келтирилген.
Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө "Ак-Тилек" жана "Чалдавар" автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп келген.
Учурда тергөө боюнча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg