www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин иниси Жолдошбек Көлбаев президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылуу жасады.

Жолдошбек Көлбаев кайрылуусунда билдиргендей, апасы Мая Алиевага УКМК тарабынан «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен иш козголуп, сотко өткөн. Ал апасы катуу ооруп жатканына карабай соттук отурумдар алардын үйүндө өткөрүлүп жатканын айткан.

«Апабыз 76 жашта. Инсульт алгандыктан азыр төшөктө тура албай жатат. Анын атынан биз кайрылуу жасап жатабыз. Апамдын үстүнөн УКМК кылмыш ишин козгоп, ал Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Болгон мүлкүбүздү, аталарыбыздан калган үйлөрүбүздү, неберелерибиз жашап жаткан үйлөрдү конфискациялоо үчүн сот отурумдар шашылыш өтүп жатат. Апам ооруп жатканына карабай, соттук отурумду үйдө да өткөрүп жатышат.

Биз мамлекеттик жумушта иштеген эмеспиз. Эч кимге жаманчылык кылган эмеспиз. Бир дагы арыз жазган, жабырлануучу жок. Биздин үй-бүлөнү баары эле билишет. Өз оокатыбызды кылып, атабыздан калган мүлттөрдү, жерлерди иштетип, 90-жылдардан бери фермерчилик менен алектенип келебиз. Аны баары билишет. Атабызды Кыргызстандын көбү билет», — дейт ал.

Ал апасызынын ишин калыс каралуусун өтүнгөн.

«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич бейиш эненин тамагында дегендей сиздерден айкөлдүүлүк, адилеттүүлүк сурайбыз. Ушул ишти мыйзам чегинде карап берүүнү өтүнөбүз», — деди ал.

Ошондой эле Жолдошбек Көлбаев президенттен, УКМКнын төрагасынан жана Жогорку соттун төрагасынан жолугушууну суранды

Последние новости