www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарынын четинде курал-жарак катылган жай табылды. Бул тууралуу 10-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жашыруун жай мурда каза болгон «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевге таандык болгон объекттин жанынан табылган.
Тинтүү учурунда ал жерден 4 кесилген мылтык, согуштук револьвер, бычактар жана маскалар табылган. УКМК белгилегендей, бул куралдарды Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кылмыш иштери үчүн колдонуп келишкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп, анын алкагында бул ишке тиешеси бар бардык адамдар аныкталууда.