www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 27-декабрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну, 6 баланын энеси Эльза Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 

Э.Тюрегелдиева 6 баланы жалгыз өзү тарбиялап келет. Деген менен өзүнө таандык турак жайы жок, балдары менен батирлеп жашап жүргөн.

Андыктан, УКМК Төрагасы К.Ташиевге 2025-жылдын декабрь айынын башында кат жолдоп, көмөк көрсөтүүнү суранган.

Жыйынтыгында кыска аралыкта жооп болуп, генерал-полковник Тюрегелдиевага 3 бөлмөлүү бардык шарттары жана тиричилик эмеректери бар батирдин ачкычын жана документтерин, ошондой эле балдарына чакан белектерди тапшырды.

Ошондой эле төрага, эне жана балдарына чың ден-соолук, бакубат жашоо, жаркын келечек каалады. 

Өз кезегинде 6 баланын энеси,  К.Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кол өнөрчүлүгү менен жасаган белектерин  берди.
 

Последние новости