www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 27-декабрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындагы авто жолдун курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга облустун муниципалдык башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү, «Балыкчы-Барскоон» авто жолун куруучу подрядчы уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Генерал-полковник К.Ташиев Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындагы авто жолдун, тагыраагы «Балыкчы-Барскоон-Каракол» авто жолунун 141 чакырымын оңдоо иштери 2021-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жаткандыгын сынга алды.
Жыйындын жүрүшүндө жолду курууга жоопту орган жетекчилерине, ошол эле учурда подрядчы уюмдарынын жетекчилерине катуу эскертүү берилди.
«2021-жылы силер 1 чакырым жолду 798 миң доллардан жасайбыз деп келишим түзгөнсүңөр, бирок азыркы учурда жолду куруу баасы 1 млн. 300 миң - 1 млн. 400 миң. долларга көтөрүлүп кетти, ошого карабастан 2021-жылдан бери, дагы деле курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүтө элек! Демек, бул жерде уюштуруу иштери өтө начар. Мамлекет тарабынан көзөмөл да жетиштүү деңгээлде эмес.
Андыктан жолду куруу иштерин жеке көзөмөлүмө алдым, мындан ары курулуш иштери белгиленген убакта бүтпөй, сапаты начар болсо, тийиштүү тараптар жоопко тартыласыңар. Силерге катуу жаза берилет» - деп белгиледи К.Ташиев.
Ошондой эле, КР УКМК Төрагасы «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» жолун куруу иштерин колго алган «Кыргыз Жол Курулуш» ЖЧКсы тарабынан 5 жыл аралыгында берилген жолдун мерчемделген бөлүгүн белгиленген убакта бүткөрбөгөндүгү үчүн, ЖЧКнын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиевди камакка алуу тапшырмасын берди.
Аны менен катар, бир катар жетекчилерге жана курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө жол куруу иштерин этап-этабы менен бүткөрүү боюнча белгилүү бир мөөнөттөр коюлуп, тапшырмалар жүктөлдү.
Жалпысынан 2026-жылдын 31-августуна чейин «Балыкчы-Барскоон-Каракол» авто жолунун 141 чакырымын толук бүткөрүү милдети жүктөлүп, бүгүнкү күндөн аткарууга алынды.