www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жетектеген комиссия Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана умра министрлигине зыярат жасады. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2026-жылдагы ажылыкка байланышкан бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, Мекке шаарындагы акысыз Вакф жатаканаларынын көйгөйлөрү, ажыга баруучулар үчүн коюлган медициналык талаптар, ажылыктын жалпы төлөмдөрү, виза маселелери жана ажылыкты уюштурууга байланыштуу башка иштерге токтолушту.
Мындан тышкары, комиссия мүчөлөрү Нусук Масар платформасынын кызматкерлери менен жолугуп, ажылардын өздүк маалыматтарын аталган платформага жүктөө, визаларды алуу тартиби, ошондой эле платформанын жаңыланган талаптары жана өзгөрүүлөрү боюнча жеринде маалымат алышты.
Сапардын алкагында комиссия САПтын Ажылык жана умра министрлигинин талабы боюнча курмандыкка чалынуучу малды Нусук Масар платформасы аркылуу гана сатып алуу тартибине байланыштуу, Адахий долбоорунун кеңсесине да барды. Ал жерде курмандык союунун тартиби, төлөмдөрдү жүргүзүү жол-жобосу жана башка тиешелүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 2026-жылдагы ажылыктагы курмандык чалуу иштери Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан алгачкы жолу түздөн-түз уюштурулуп, көзөмөлгө алынмакчы.