www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн келиндин окуясына байланыштуу пикирин билдирип, адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин, мамлекет аялдарды жана балдарда өзгөчө коргоого аларын айтты.

 - Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, “үй-бүлөлүк чыр-чатак”, “эмоция”, “ичимдик” же “жеке жагдайлар” тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө - энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул - киши өлтүрүү. Мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү жана коргойт. Аялга кол көтөргөн, ал тургай курал кезеген ар бир адам, жаза катаал жана кутулгус болорун билиши керек. Мындай учурларда мыйзам эч качан жеңилдик бербейт. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Бул отчёт үчүн эмес, адилеттүүлүк жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн жасалган принципиалдуу позиция. Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин белгилейм, - деп билдирди Ташиев. 

Белгилей кетсек, Мунун алдында Бишкек шаардык милициянын жетекчиси Азамат Токтоналиев келиндин өлүрүлүшү тууралуу үй-бүлөлүк чыр чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик гана себеп болгонун билдирген. Келинди күйөөсү жумушуна барып машинага күчтөп салып кеткен деген маалыматты жокко чыгарган.

Последние новости