www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев боюнча сот процесси жылдырылды

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышкан бүгүнкү Биринчи Май райондук сотунда боло турган сот процесси жылдырылганын адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, айрым айыпталуучулар иш материалдары менен толук таанышып бүтө элек болгондуктан сот отуруму кийинки мөөнөткө жылдырылган. Мындан тышкары, адвокаттар тергөө тарабынан ишке тиркелген далилдер боюнча чыгарылган токтомдорго Бишкек шаардык сотуна даттануу беришкен.

«Шаардык сот арыз боюнча чечим чыгаргандан кийин соттук териштирүү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланат. Камчыбек Ташиев сот отурумдарына катышат», - деди Айткулов.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев бийликти күч менен басып алууга даярданган жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда.

Последние новости