www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев чек арачыларга кайрылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аскердик техникалар алынып, чек арачылардын кызмат өтөө шарттары жакшыртылууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Куралдарды этияттык жана кылдаттык менен колдонгула. Өзүңөрдүкүндөй кам көргүлө. Эч кандай бузулуулар болбошу үчүн жабдууларды кылдаттык менен колдонууну талап кылам. Силер өзүңөрдү толугу менен мекенге кызмат кылууга арнагыла», - деди ал.

Камчыбек Ташиев чек арачылар алдынкы сапта тураарын, кокус бир нерсе болуп кетсе, биринчи сокку аларга тиерин эске салды.

«Ошондуктан азыр силердин иштөө шартыңарды жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатат», - деп белгиледи Ташиев. «Силердин көбүңөрдүн үй-бүлөңөр бар, бардыгын турак-жай менен камсыз кылуу оңой эмес. Бирок ага карабастан маселени чечип жатабыз. Жыл өткөн сайын үйлөр көп салынып, шарттар жакшырып, айлык акы көтөрүлүп жатат. Мурдагы жылы, былтыр көбөйдү. Быйыл дагы карайбыз», - деди УКМКнын төрагасы чек арачыларга кайрылып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости