www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Исаковдун сүйлөп турганы өзүнүн ден-соолугуна жакшы», - деди бүгүн, 27-июлда NazarNews маалымат агенттигине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев.
- Камчыбек Кыдыршаевич, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков кайрадан сиздин жана президент Садыр Жапаровдун ишмердигине сын айтып чыкты. Буга эмне деп жооп айтасыз?
- Жеке мен буга окшогон сын пикирлерге терикпей деле калдым. Ошентсе да, белгилеп коёюн, кандай гана сын пикир болбосун, мыйзам чегинде айтылса, жакшы көрүнүш, бул жумушубуздун алдыга жылышына өбөлгө болот, колдойм.
Кандай гана сын болбосун, ал тийиштүү, өз орду менен айтылса, кабыл алабыз, ошого жараша жумушубузду оңдойбуз. Бирок, ошол эле кезде ал сөздөр коомдук саясий кырдаалды курчутууга, б.а. бузукулук максатында айтыла турган болсо, буга мыйзам алдында жооп берип калуусу мүмкүн экендигин эскертем.
Жеке Исмаил Исаков боюнча айта турган болсом, анын ушинтип кез кезде сүйлөп турганы өзүнүн ден-соолугуна пайдалуу. Ансыз деле жашы бир топко барып, элибиздин аксакалы болуп калбадыбы?...
Эске салсак, Генерал Исмаил Исаков учурдагы бийликке каршы пикирин билдирип маек берген. Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков учурда бир топ саясатчылардан турган оппозициялык кыймылдын мүчөсү.
Булак: NazarNews.kg