www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 29-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев 1-ноябрь өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата милицияда бир топ жылдан бери эмгектенип жаткан кызматкерлерди жана аталган тармакта эмгектенген жалпы айымдарды куттуктады.
Генерал-полковник К.Ташиев мамлекеттин, коомдун жана жарандардын коопсуз жашоосун, алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыздоо милдетин аркалаган кыргыз милициясынын 101 жылдыгы, кылымдык тарыхты камтый тургандыгын белгиледи. Жоопкерчиликтүү жумушту аркалаган кесип ээлерине чың ден-соолук, күч-кубат жана бакубат жашоо каалады.
Кезинде бул тармак аянычтуу абалга кептелип, коррупцияга малынган кызмат катары коомчулукта калыптанып калганын айткан УКМК башчысы учурда алар үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Аны улай мамлекет мындан ары да кызматкерлердин иштөөсү жана кызмат өтөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен катар, социалдык коргоо жагын жакшыртууга жана милициянын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө болуучу чараларды ишке ашыруу улантыларын кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар милиция кызматкерлерине атайын кызматтын башчысы тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, 1924-жылдын 1-ноябрь күнү Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык комитети тарабынан Административдик бөлүм түзүлүп, анын курамына облустук милиция башкармалыгы да кирген. Бүгүнкү күндө бул дата Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү катары белгиленип келет.