www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Жогорку Кеңештин 8- чакырылышына депутаттарды шайлайбыз. Шайлоо эрежелери так аныкталды. Ошого карабастан, айрым талапкер болчулар эл аралап, “Садыр Жапаров өзү колдоп атат”, “Камчыбек Ташиевдин батасын алдым” өңдүү сөздөрдү таркатып жатышат. “Саясат.kg” порталы КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге телефон аркылуу байланышып, бул маселени тактоого жетишти.

— Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Шайлоого байланыштуу сурообуз бар эле?

—  Саламатчылык. Макул, сураңыз, эмне болгон суроо экен бул?

— Угушубузга караганда, депутат боло турган адамдардын тизмеси эчак бекитилип калыптыр. Кээ бир талапкерлер сиздерден бата алып, аттанганын ачык эле айтып жүрүшүптүр…

—  Мен дароо эле айтам: ишенбегиле! Мурунку бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз. Ооба, бата берип жүрүшкөн. Мына ошол бата берген журт башчылары азыр кайда? Бизде орун алган бийлик алмашуулар, революциялар дал ушунун айынан чыкпады беле! Көндүм адаттын калышы кыйын, мен да айрым депутат болгусу келгендердин бизге жол издеп, жолугуп, бата алууга умтулуп жүрүшкөнүн билем. Жада калса, жакын адамдарыбыздын арасында да андайлар бар. Буга окшогондорго ажобуздун да, менин да убактыбыз жок. Өзүбүздүн жумуш чачтан көп, уйкубуз аз. Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени, биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системасын калтырып, жыргап жата бербейт белек анда?!

— Демек, сиздердин атыңыздарды жөн эле сатып жүрүшөт да?

— Ооба. Кайсы бир кездерде талапкерлерге бийликти сындап чыккан ыңгайлуу болчу. Акыркы беш жылдагы өзгөрүүлөрдөн кийин, тескерисинче, бийликти колдогон адамдарда шанс жогору. Ошондуктан да, биздин атыбызды пайдаланып атышат го. Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот. Мен талапкерлерге эскертип коеюн: “билбей калат”- деп ар кандай көз боемочулукка баргандан алыс болгула. Баары бир ачыкка чыгып калат. Андай учурда жаза катуу болот!

—  Биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн рахмат айтабыз!

— Сиздерге да рахмат, туура маселе менен кайрылдыңыздар. Элиме айтаарым: кайдыгер болбой, шайлоого келип бериңиздер. Тандоодон адашпаңыздар.

Гүлмайрам Турусбекова

Последние новости