www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев Жумгалда  УКМКнын жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 2023-жылдын 14-августунда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Имаратты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге, Нарын облусунун Жумгал районунун акими А.А.Набиев, Башкармалыктын өздүк курамы, Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган. 

Генерал-лейтенант Ташиев К.К. кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн  тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы Ташиев К.К. актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган Кыргыз Республикасында коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости