www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч жылдан бери, тактап айтканда 2020-жылдын 15-августунан бери майыптыгына карабастан камакта отурган Аписов Кенжебек Сейиткановичке карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу чечими чыкты.

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндөгү токтомго ылайык, шектүү Аписов Кенжебек Сейитканович 2020-жылдын 8-август күнү болжол менен саат 08:30 чамасында өзү жашаган Жумгал районунун Куйручук айылындагы Арал участкасында жайгашкан үйүндө аялы, ошол эле үйдүн тургуну 1986-жылдын 20-апрелинде туулган Турдуева Венера Турганбековна менен өз ара уруша кетип, үйдө сактап жүргөн мийзинии узундугу 26,9 см. болгон сувенир кылычы (катана) менен төрт жолу сайып жиберген, натыйжада Турдуева Венера Турганбековна алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон деп белгиленет айыптоочу актысында.

Ал эми экинчи топтогу майып болгон айыпталуучунун пикири таптакыр башкача. Анын айтымында өзү күнөөлүү эмес, тескерисинче жабырлануучу экенин баса белгиледи.

"Мен чөп чаптырганы алып бараткан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатымды жолдон тартып алышкан. Мен милицияга арыз менен кайрылам деп айтканымдан коркуп кетишип, мени сабап, андан соң менин өмүрлүк жарымды өлтүрүп коюшкан. Буга күбөлөр бар. Мен аялым менен урушсам кошуналарым деле көрсөтмө беришмек да, бирок менин күнөөмдү далилдөөчү же аялым экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир пикир келишпестиктер болуп тургандыгы боюнча далилдер болгон жок. Мен пенсиямды алып аялым экөөбүз бактылуу жашап жатканбыз", - дейт Аписов.

Учурда ал Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасына госпиталдаштырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости