www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын “Жайыт комитетинин” төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, КР УКМКга Өзбекстандын жараны, Өзбекстандын жарандарына таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 доллар акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын “Жайыт комитетинин” төрагасы К.у.К. карата чара көрүү боюнча кайрылган. 

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости