www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британияда келин үлпөт той күнү күйөөсү ага тамашалап торт ыргытканы үчүн ажырашып кеткен. Бул тууралуу Mirror басылмасы билдирет.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы кыз жигити менен үч жыл мамиледе болуп, той алдында жаңы үйлөнгөндөр бири-бирине торттун кесиндилерин ыргыткан интернеттеги популярдуу видео сюжетти кайталабоону суранган. Келиндин айтымында, бала чагында апасы аны ушинтип жагымсыз тамашага салып, натыйжада десерттин бир бөлүгү анын бетин жаралаган.
Кыз күйөө баланы бул сценарийди кайталоо ажырашууга алып келет деп коркуткан. Бирок тойдо күйөөсү анын бетине 500 долларлык үлпөт тортун ыргытып, келинчегинин көйнөгүн булгап салган. Мындан улам ачууланган кыз коноктордун суранганына карабай, иш-чарадан кеттип калган.
"Бул биздин жашообуздун эң бактылуу күнү болушу керек болчу, ал мен бул тамашаны көтөрө албай турганымды билип туруп эл алдында уят кылды" деп, ажырашууга арыз жазган.
Басылма белгилегендей, социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү өзүн коргой алган кызды колдоп, айрымдары психотерапевтке кайрылууга кеңеш берди.
Булак: NazarNews.kg