www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Американын кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулаган. Ошондой эле, Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусуна көрүлгөн даярдык жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган АКШнын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу тууралуу маселе каралган.

«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин күзүндө АКШда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен Американын президентинин «С5+1» форматында жолугушуусу болору кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости