www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда 28 жаштамын, жолдошум уулум экөөбүздөн сырткары, менин үй-бүлөмдү да эч нерседен кем кылбай багып келет. Кыскасын айтканда, жегеним алдымда, жебегеним артымда. Учурунда маршруткадан акча үнөмдөп, автобуска түшүп, ачка-ток калып, туугандарымдын кийилген кийимдерин кийген күндөр артта калган. Азыр тескерисинче алар жолдошумдун мейманканасынан жумуш сурап чалышат.
Анда кеп башынан болсун. Мен 5 бир туугандын улуусумун. Үйдүн улуусу болгондун эң жаман жери өтө жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң. Ата-энебиз мен 8-кластта, эң кичүү сиңдим 2 жашка чыкканда ажырашып кетишти. Себеби, ал адам (ата дегим келбейт) “Сен катын эркек төрөбөдүң” деп бизди чырылдатып, апамды сабап жатып калчу. Бир жагынан ажырашып кеткенине деле сүйүндүм. Экинчи жагынан араң жашап жатканыбызда эми бизди ким багат? деген ой келди. Бирок өлбөгөн жандын жашоосу өтө берет турбайбы. Апам тигүү цехине кирип, мен бир туугандарымды карап, окуп жаттым. Кыйналсак дагы бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпайлы деп баарыбыз сыртыбыздан күлүп жүрөбүз. Апам баарыбыз уктап калгандан кийин түнү үнүн чыгарбай, буулугуп ыйлап, жүрөгүмдү оорутат. Мени эч нерсе билбейт, сезбейт деп ойлойт, байкушум. Ошондо "чоңойгондо апам менен бир туугандарымды эч нерседен кем кылбайм" деп өзүмө сөз бердим.
Арадан убакыт өтүп мен дагы студент болдум. Болгондо дагы бюджетке өттүм. Апамдын кубанычында чек жок эле. Ортодо тигүү цехинде ага жардамдашып, упаковкада иштеп жүрдүм. Кичүүлөрүбүздү менден кийинки сиңдим карап жатты. Ишенесиңерби, канчалык аракет кылсак дагы жашообуз жакшырбай койду.
1-курсту бүтүп чет жакка чыгып иштеп келсемби деген ой келди. Бул оюмду бир группада окуган кызга айтсам "иштебей эле сени бага турган бай күйөөгө тийип кет" деген кеңешин берди. Анын сөзүн тамаша катары кабыл алдым. Себеби, мен буга чейин такыр турмуш жөнүндө ойлонбоптурмун. Бирок ал чын эле чет өлкөдөн бай күйөө таап берген агенство бар экенин, бир тууган эжеси дал ошод агенство аркылуу учурдагы күйөөсү менен табышып калганын айтты. Анын айткандарын укканым менен, кайра эле ошол жерден унутулду.
Ошентип жаңы жылга жакын сессиялар бүтүп, студенттердин айылга кеткени кетип, каникулга тарап кеттик. Ошол күндөрдүн биринде апам ооруп калды. Буга чейин деле бөйрөгүм деп калчу, бирок бул ирет катуу ооруп, баарыбызды коркутту. Дарыгерлер Түркиядан операция жасатыш керектигин айтты. Жумушубуз дагы токтоп калгандыктан бар тапканыбызга азык-түлүк алып алган элек. Айла таппай калган кезде баягы группалаш кызым айткан агенство ойго келди. Тобокелге салып айткан дарегине бардым. Ал агенстводо иштегендердин баары кыргыздар экен. Мага дароо шарттарын түшүндүрүштү. Ал жакка жубай издеп кайрылгандардын баары бай адамдар экен. Аларга жагып калсаң дароо үйлөнүшөт, ханышадай жашайсың деп айтышты. Баарын угуп бүтүп, алардын сөздөрүнө күлкүм келди. Себеби ханышадай жашаганымды такыр элестете албадым. Ошентсе дагы өзүм тууралуу маалымат калтырып, сүрөткө түшүп кетип калдым.
Арадан 2 күн өтпөй агенстводон Юсуф аттуу түрк бизнесмен мени жактырып калганын, номеримди алганын айтышты. Кечке жуук ал мага жазды. Юсуф 45 жашта экен. 10 жыл мурун жубайы менен ажырашып кеткенин, бир кызы бар экенин айтты. Анын жазгандарын Интернеттен которуп түшүнүп жаттым. Мен да өзүмдү тааныштырып, бирок азыркы абалым тууралуу үн катпадым. Такыр айта албай койдум. Юсуф менен бир жума тынбай сүйлөштүк. Ал арада ал мени жактырып калганын, жакында жумуштары менен Бишкекке келгенде үй-бүлөм менен таанышкысы келерин айтты. Менде бир гана ой болду "апам эмне дейт?" деген. Себеби ал менин Юсуф менен сүйлөшүп жүргөнүмдү билбейт болчу.
Көз ачып жумганча Юсуф дагы келип калды. Бетме-бет көрүштүк. Ал өз жашынан жаш көрүнөт экен. Кичипейилдигин жактырдым. Кечинде Бишкектеги эң кымбат ресторандардын биринде тамактандык. Анын тике караганынан уялып турдум. Балким, буга чейин такыр жигит менен сүйлөшүп көрбөгөнүмдөн уламдыр. Сөз арасында ал ата-энем менен таанышып, үйлөнгүсү келерин айтты. Чындыгында анын бул сунушу күтүүсүз болду. Себеби баары мынчалык бат болуп кетет деп ойлогон эмесмин.
Дал ушул кезде ага баарын ачык айтууга туура келди. Юсуф бир топко чейин унчукпай турду дагы "Кабатыр болбо, баарын чечем" деп кыска жооп берди. Эртеси апам менен таанышуу үчүн ооруканага бардык. Апам сыртынан билгизбегенге аракет кылганы менен ичинен жаман болуп, мага таарынды. Юсуфтун сунушу тууралуу айтсам, "өзүң бил" дегенден башка эч нерсе айткан жок.
Ошентип Юсуф экөөбүз Кыргызстандан нике кыйдырып, үлпөт тоюбуз апамдын операциясынан кийин болмой болду. Ал Түркиядагы дарыгерлер менен сүйлөшүп, апам үчөөбүз Түркияга учуп кеттик. Бир туугандарымды кыйылып жатып туугандардын үйүнө калтырдык.
Операция ийгиликтүү өтүп, кубанычымда чек жок эле. 1 айдан кийин апам өз калыбына келип, Юсуф үлпөт тойго катышсын деп бир туугандарымды да Түркияга алдырды. Ага ичим жылып, жакындарымдын баары жанымда болуп көңүлүм ток болуп калды. Той биз ойлогондон дагы сонун болду. Апамдар бир ай жаныбызда болушуп, кайра Кыргызстанга кетишти. Алар менен коштошуу мага оор болду. Өзүмдү бөтөн эл, бөтөн жерде жалгыз калгандай сездим.
Акырындап бул жакка дагы көндүм. Жолдошум көзүмдү карайт. Апам менен бир туугандарым батирлеп жүрө бербесин деп 5 бөлмөлүү үй алып берди. Шүгүр.
Бир өкүнгөнүм окуумду бүтпөй калдым. Бирок бул жакта түрк ашканасы менен таанышып, курстарга барып түрлөп тамак-аш, таттууларды жасаганды үйрөндүм. Болушунча өзүмдү алаксытууга аракет кылдым.
Арадан убакыт өтүп кош бойлуу экенимди билдим. Жолдошум уулдуу болоорун укканда төбөсү көккө жети. Ай-күнүмө жеткенде жеке клиникалардын биринде көз жардым. Ошентип 19 жашымда турмушка чыгып, 20 жашымда эне болдум.
Азыр өткөн күндөрүмө жылмайып гана карайм. Анткени, "чоңойгондо апам менен бир туугандарымды эч нерседен кем кылбайм" деген сөзүмө турдум.
Кээде "эркек төрөбөдүң" деген атам бизди таштап кетпегенде жашообуз такыр башкача болот беле? деген ой келет. Себеби психологияда атасыз чоңойгон кыздар өзүнөн бир топ улуу эркектерге турмушка чыгат деген түшүнүк бар экенин угуп калдым.
Булак: NazarNews.kg