www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасынын орун басары болгон Даниэль Рысалиев кармалганы кабарланды.
Кечээ аны Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына суракка алып келишкен. Учурда кылмыш иши кайсы берене боюнча козголгону жана анын процесстик макамы кандай экени расмий түрдө жарыялана элек.
Даниэль Рысалиев 2025-жылдын декабрь айынан тартып УКМКнын төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, киберкоопсуздук маселелерин көзөмөлдөп келген. Ага чейин ал атайын кызмат органдарында иштеп, аймактык бөлүмдөрдү жетектеген.
2026-жылдын февраль айынын башында ал УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында кызматтан бошотулган.