www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Жаз келгенде иммунитеттин кескин төмөндөгөнүнүн себеби эмнеде?

-- Жылдын ар бир мезгилинде адамдын организминде да көптөгөн өзгөрүүлөр болот. Кыш мезгилинде күндүн нуру аз тийгендиктен фотосинтез реакциясынын төмөндөшү, анын себебинен Д, С витаминдеринин куралышы да азаят. Ичкен тамак-аштардын да курамы өзгөргөнүнөн организмде жалпы эле витаминдердин запасы да акырындап төмөндөйт. “Жазгы суук жандан өтөт” деп бекер айтылбаса керек. Себеби жогоруда айтылгандай, витаминдердин организмде азайышы жана башка азыктар менен жер-жемиштерди аз колдонгонубуздан иммунитетибиз да бизге билинбей начарлайт. Жыйынтыгында көйгөйлүү оорулардын козголушу жана улам суук тийгизип алуубуз да көбөйөт. Аба ырайынын кескин, бат-бат өзгөрүшү да организмди көп өзгөрүүгө дуушар кылат.

-- Жазында айрым аллергия дарттары курчуйт. Бул абалга кандай кеңештериңиз бар?

-- Жаздын келиши менен жаңы чөп чыгып, бак-дарактар бүрдөп, аны менен кошо өсүп чыккан чөптөрдүн жыты, жаңы заттар айланачөйрөгө тарайт да, алар организмде кошумча жаңы дүүлүгүүнү пайда кылат. Кээ бир организмде бул өзгөчө жүрүп, катуу сезгенүүнү жаратып, аллергияга алып келет. Аллергиясы бар адамдар жаз айларында аллергияны козгоочу же күчөтүүчү азыктарды колдонбогону жакшы. Аларга цитрус жемиштери, жумуртканын сарысы, алкоголдук, өзгөчө сыра (пиво) ичимдиктери жана курамында өздөрүнө белгилүү аллергияны күчөтүүчү заттар бар азыктар.

-- Кийинки жылдарда бул оору да кескин көбөйдү, анын себептери эмнеде?

-- Себептери абдан көп. Анын ичинде негизгилери болуп, биз жашап жаткан айлана-чөйрөнүн, жаратылышыбыздын начар жагына өзгөрүүсү, экинчиден, ичкен тамактарыбыз аркылуу көптөгөн химиялык элементтердин организмде чогулушу. Үчүнчүдөн, биздин жалпы эле жашоо образыбыздын өзгөрүшү. Аз кыймылдап, таза абада аз болушубуз жана башка себептер бар. Баардык себептерди иликтеп көрсөк, бул илдетти болтурбай коюу адамдын өзүнөн көз каранды. Аллергиядан сактаныш үчүн туура режимди сактоо чоң мааниге ээ. Мындай илдети бар адамдар алдын ала коргонуу шарттарын аткарыш керек. Аллергиянын түрлөрү абдан көп жана анын белгилери да ар түрдүү. Аны адис гана тактайт, бирок жалпыга белгилүү жактары – бул мурундун ичиндеги чел кабыктын дүүлүгүшү, суу агышы, бат-бат чүчкүрүү, көздүн кызарышы, жаш агып жана кычышуусу, денеде ар кандай дүүлүккөн тактардын пайда болушу, баштын оорушу ж.б. Буга өз алдынча диагноз койгонго болбойт, сөзсүз адиске кайрылуу керек. Баары такталгандан кийин дарылануу адистин көзөмөлүндө, айтылган режимде, берилген дарыларды туура, кылдаттыкта колдонуу шарт.

Жазгы аллергиядан кантип сактануу керек?

Жазында күндүн нурлары мемиреп тийип турганда сейилдеп чыкканга не жетсин?! Бирок сезондуу аллергиясы бар адамдар үчүн жаздын башталышы убараны пайда кылат.

Аллергия күтүүсүздөн башталат

Көпчүлүк адамдар кайсы бир куракка чейин аллергия болбосо, андан кийин да аллергия болбойм деп ойлоп алышат. Бирок тигил же бул нерсеге, мисалы, тамак-аштын кээ бир түрүнө же бакдарактардын бүрүнө аллергия болуу кайсы гана куракта болбосун пайда болушу ыктымал. Статистика боюнча аллергия болгон бейтаптардын саны жыл санап жогорулап келет. Жазында жана жайында дарактар менен чөптөрдүн жытына аллергия болуу поллиноз деп аталат.

Поллиноздун белгилери кандай?

Поллиноз менен көп учурда апрелдин башынан сентябрдын соңуна чейин оорушат. Сезондуу аллергияны кантип билүүгө болот? Поллиноздун белгилери курч кармаган респиратордук ооруларга окшоп кетет.

Териде бүдүрлөр пайда болуп, кызарып, шишип, кычышат. Баш оору, көздөн жаш агуу менен да коштолот. Ошондуктан жаз башталганда мындай белгилер байкалса, “сасык тумоолоп калдым” деп жүрө бербестен, дароо аллергологиммунологго кайрылып, тийешелүү дарылануу курсунан өтүү кажет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости