www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кылбаган кылыгы алдыда. Оюна эмне келсе аткарып, ары аңтарылып, бери аңтарылып, чүкө ойнобогону эле калбаса, Садыр Жапаровдун эрке талтаң баласындай эле каалаганын калчай берет. Кылык-жоругун айрымдар колдоп, “оо, азамат экен” десе, айрымдары таң калып жакасын карманат.

Кыскасы, Алымкадыр Бейшеналиевдин дымагы күч. Жакын досу Садыр Жапаровдон кийин президент боломун деген оюу барбы, колдоочулары соцтармакка “кыялдарын” жаза баштады.

Бейшеналиевдин колдоочусунун пикирин өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз:

Биздин президент - Алымкадыр Бейшеналиев! Духу - вагон! Эч кимден коркпойт! Керек болсо любою менен жекеме-жекеге чыгат! Садыр Нургожоевичтен деле коркпосо керек! Башкы прокурорду болсо "ким экенсиң" деп коет! Мына сага реформа! Мындай нерсе 30 жылда болгон эмес! Мындай кетиште Алымкадыр Бейшеналиев президенттикти дагы колго ала тургандай! #Алга_министр_президент!

"Духу вагон экен! Мурда эмнеге ушинтип "блатовать" этип чыккан эмес бул киши? Балким, президент деле кылып алмакпыз ошондо"...деп жазган.

Демек, саламаттык сактоо министри президент болгонго даярданып, эчкисин короосуна байлап, эшегине ээр токуп, камчысын колуна кармап, камданып турган мезгили сыягы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости