www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин курулуш компаниянын жетекчиси Имамидин Ташов өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган."Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылган. Ага издөө жарыяланды, баары бир кармалып жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Буга чейин Ташов өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган.
Ташиев Ташов абакта отурган кезде соттун чечими менен анын сүйлөшүүлөрү жазылганын айтып, анда Ташов Тилекмат Күрөнов аттуу активист менен төңкөрүш жасоо боюнча сүйлөшкөнүн белгиледи.
"Алар Кыргызстанда кайсы күнү төңкөрүш жасаш керектигинен бери бир нече күн сүйлөшкөн. Кийин Имамидин Ташов 52 миллион сом келтирген зыянды Бишкек шаарына төлөп берген соң эркиндикке чыккан. Чыгарылгандан кийин да "качан төңкөрүш жасайт болду экен" деп байкадык. Эми кечээ ушундай видео чыгарыптыр. Жанагы Тилекмат дегени "100 миллион деп айтып кое бер, эл ишене берет, элди козгой бер" деген. Ушул 100 миллионду айтып жатасыңар. Ташовго издөө жарыяладык. Ал азыр башка мамлекеттердеби же биздеби, айтор, качып жүрөт. Биз аны баары бир кармап, төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн жоопко тартабыз. Ташов калп сүйлөп, видеокайрылууга өтүп алды. Ойноп жүрүп бир күнү бели сынат. Тилин тыйбаса, анын азабын тартат", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы атайын кызматта иштеп мыйзам бузгандар жумуштан алынып, жоопко тартылып жазаланып жатканын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Имамидин Ташов 2023-жылдын 26-октябрь күнү кармалып, эртеси камакка алынган. Атайын кызмат Ташов Бишкек мэриясындагы кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, 280 орундуу бала бакча салына турган жерге көп кабаттуу үйлөрдү курганын кабарлаган. Мунун кесепетинен шаардыктар бала бакчасыз калышкан. Натыйжада Ташовдун мамлекетке 52 миллион сом зыян келтиргени аныкталган. Өткөн жылдын 8-декабрында үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg