www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыке, кабыл ала албасаңыз, өзүмө кол салууга баратам

КР УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевге Кайрылуу

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Сиздерге кайрылуумдун себеби, 21.06.2018-жылдын №105 номеринде регистрация болгон инстанцияга ылайык кайрылуума 06.06.2018-жылы Өрнөк айылынын жалпы чогулушунун чечимдеринин Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин уставынын 4-жобосуна ылайык (жамааттын өз алдынча башкаруу органдары айылдык жалпы чогулуштар) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 2-статьясынын негизинде (түшүнүктөр жана терминдер жалпы чогулуш жергиликтүү маанидеги иштерди талкулоо жана ал боюнча жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык сунуштар менен чечимдерди кабыл алуу аркылуу калктын башкарууга катышуусунун тике формасы аркылуу жүзөгө ашырат).

Чон-Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Туйгуновго арыз менен кайрылдым. Айылдык кеңештен да эч кандай жооп болгон жок. Ысык-Көл районунун администрация башчысы Калыбек Жумадыловго да арыз менен кайрылдым. Ал жактан да жооп жок. Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго да арыз менен кайрылдым. Эч кандай жооп алалган жокмун. Кеңешке, алтургай президенттик аппаратка да кайрылдым. Бирисинен да тыңгылыктуу жооп болбоду. Ооз ачышкан жок. Акыры айла кетип, жан кашайганда, кыргыздын «барбалаңдаган, патриот жигити эле» деп сизге кайрылып жатам.

Менин арызымды четке какпай, карап, куру дегенде мени 10 мүнөткө кабыл алып коюшуңузду суранам. 10 мүнөттүн ичинде мен болгон чындыкты ӨЗ оозум менен сизге жеткизмекмин. Башка кызматтарга кат менен «Ушул кишинин көйгөйүн карап чыгып, чечкиле» деп бийликтеги көпчүлүк сыяк туу куш тилиндей кат жолдосоңуз, ачык айтайын, ал маселе чечилбейт. Он жылдан бери бийликтегилер менин датымды бири-бирине ушинтип жөнөтүшүп, топ тепкендей кылышты.

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Дагы бир ирет суранам, мени куру дегенде 10 мүнөткө кабыл алып коюңузчу?! Болгон чындыкты сизге айтып берем. Өз оозуман угуңуз. Эгерде убакыт таппасаңыз, бийликтегилердин кайдыгерлигинен тажадым. Мындан аркы кадамдарым өзүмө өрт коюш керек болуп калды.

Эрнис Исабеков, Ысык-Көл районунун Өрнөк айылынын өкүлчүлүктөгү жамаат мүчөсү Ысык-Көл району, Өрнөк айылы, Керимбаев көч. №930.

Тел.: 0505-19-71-08

Булак: Азия News гезити

Последние новости