www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык өзгөчө макам алган 62 айылдын катарына Лейлек районунда бир катар айылдар кирбей калган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Анын айтымында, облустагы бир районго 26, бир районго 27 айыл кириптир.

«Эң четте жайгашкан Лейлек районунан 14 эле айыл кириптир, анын да эл жыш жашаганы 10 эле айыл. Мисалы, Майты, Айкөл деген участоктордо суу да, жол да жок, какыраган талаа. Мындан тышкары, Сада жана Денөө айылдары бар, алар да элдин саны аз, чакан айылдар. Ушуларды кошуп туруп, 14 айыл деп тизмеге киргизип жатышат. Чек арага байланыштуу Тажикстан менен өтө көп жаңжал чыккан, эл жыш жашаган Кулунду, Ак-Суу, Бешкент, Булак-Башы, Маргун жана башка айылдар кирбей калган. Тажикстан менен чектешкен айылдарда маселе өтө курч турат. Жеңилдиктер бардык айылдарга бирбей каралышы керек. Эртең эл митингге чыкпайт деп кепилдик бере албайбыз. Бул тескеме эл, жергиликтүү бийлик менен макулдашай туруп түзүлгөн, туура эмес мамиле кылып, элди экиге бөлүп жатасыңар, Министрлер кабинетине көө жабылып, ызы-чуу болбосун», — деди Камила Талиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости