www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл өкүлдөрүнүн Башкы прокуратурага чакырылышына саясий баа берүү керек. Мындай пикирин депутат Камила Талиева бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз Баш мыйзам менен жашаган мамлекетпизби? Кечээ парламенттин эки депутаты Башкы прокуратурага чакыртылып, 3-4 саат суракка алынышты. Баш мыйзамда да, Регламентте да депутат өзүнүн ой-пикири үчүн жооп бербейт деп жазылып турат. Алар куугунтукка алынбаш керек эле. Башкы прокуратура кандайдыр бир маалыматты Жогорку Кеңешке келип эле алса болмок. Бул кырдаалга саясий баа берүү керек.
Кесиптештерибиз Атазов менен Токторбаев мыйзамды бузуп сүйлөгөн жок, алар элдин үнүнү жеткирди. Алардан келип түшкөн арыздарды гана айтышты. Депутаттарга болгон мындай мамиле аша чапкандык", - деди Талиева.
Булак: NazarNews.kg