www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жагымсыз окуяны бул визитке аралаштырбай туралы. Мындай пикирди экс-министр, саясатчы Камила Талиева социалдык баракчасына жазды. 

--"Түкияга болгон расмий визиттен үмүт зор! Бир чети чек ара көйгөйү, бир жагы экономикалык каатчылыкка дүйнө эли сыяктуу эле кризиске кабылып турганыбызда, бул сапар саясий жактан да, экономикалык жактан алганда да өтө маанилүү болуп турат.

Андыктан, расмий визит маалында “Эки өлкө достугу!” үчүн, андан да маанилүүсү өз өлкөбүздүн бүтүндүгү, келечеги биринчи пландагы маселе экенин унутпасак да, айрым “саясий боёгу” бар, болуп өткөн жагымсыз окуяны бул визитке аралаштырбай, бир аз каниет кылып туралы. Башка мамлекеттин ички саясатын өздөрү чечип алат, биздин аралашканга акыбыз жок.

Андыктан, элибиздин эртеңкиси гана бизге маанилүү болгону дуруспу дейм.

Эмнени айтып жатканымды түшүндүңүздөр деп ойлойм, себеби, башка теманы талкуулоо күч алып кетиптир. Токтотпосок, бул жактагы маалыматтар да эки элдин достугуна доо кетирип койбосун деген  тилек", -дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости