www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт Кыргызстанда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамды аткаруу мөөнөтүн (ОСАГО) 2023-жылдын 1-январына жылдырууну сунуштоодо. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, Кыргызстанда жүргөн чет элдик автоунаалар үчүн ОСАГО полиси 2021-жылдын 1-июлунан баштап, мамлекеттик, муниципалдык, юридикалык жана жүргүнчү ташуучу автоунаалар үчүн 2022-жылдын 1-январында, ал эми жалпы унаалар үчүн 2023-жылдын 1-январында киргизилет.

Кожошев ОСАГО полисин киргизүү мөөнөтүн жылдыруу коронавируска байланыштуу экендигин айтууда.

Кыргызстанда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Ал 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек, бирок 2021-жылга жылдырылган.

Бул жолу камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу мөөнөтүн 2023-жылга узартуу сунушталып жатат.

Долбоордун максаты унаа кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана компаниянын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Кыргызстанда 16 компания камсыздандыруу ишмердиги менен алектенет.

Булак: NazarNews.kg

  

  

 

 

Последние новости