www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канада Украинага жалпы суммасы 900 миллион АКШ долларын түзгөн жаңы жардам пакетин бөлөт. Анын курамына абадан коргонуу тармагындагы колдоо да кирет.

Бул тууралуу “Интерфакс-Украина” Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Түркияда Канаданын премьер-министри Марк Карни менен жолугушуусунан кийинки билдирүүсүнө таянып маалымдады.

Зеленскийдин айтымында, бул жардам пакети өлкө Орусиянын ракеталык чабуулдарынан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө муктаж болуп турган учурда өзгөчө мааниге ээ.

Өз кезегинде Марк Карни Канаданын жардамы орто мөөнөттүү келечекке багытталганын белгиледи. Анын айтымында, жардамдын курамына абадан коргонуу тармагындагы колдоодон тышкары аскердик техника, ок-дарылар жана башка жардам түрлөрү да кирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Владимир Зеленский менен Марк Карни коргонуу, коопсуздук жана туруктуулук тармагындагы банк түзүү маселесин да талкуулашты.

Последние новости